Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ала-Арчада" эс алып жүргөндөрдү бейбаштар сабап, таш менен урушкан

Кылмышка шектүү үчөөнү убактылуу тергөө абагына киргизишти. Жабырлануучулардын бири раенимацияга түштү

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнө 6-май күнү 21 жаштагы адам шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө денесинен оор жаракат алып түшкөндүгүн билдиришкен.

РИИБ ыкчам иликтөө тобу жабырлануучу "Ала-Арча" эс алуу багында денесинен ар кандай жаракат алып, шаардык ооруканага түшкөндүгүн аныктаган.

21 жаштагы Д.Н. 6-май күнү эс алуу багында достору менен  "Ала-Арча"  эс алуу багында жүргөн, маалыматтарга караганда аларга 10-15 бейтааныш кишилер келишип жаңжал чыгарышып, сабап кетишкен. Жыйынтыгында 21 жаштагы жигит жаракат алып реанимацияга түшкөн.

Андан сырткары да эки киши жаракат алышып, ооруканага барбай амбулаториялык жардам алышкан. Андан кийин аларды үйлөрүнө коё беришкен. Бул факт боюнча Аламүдүн райондук милиция кызматкерлеринин  изин суутпай ыкчам иликтөсүнөн улам "Хонда-Цивик" жана "Хонда-Одисей«» маркасындагы автоунаалардын ээлери жана жүргүнчүлөрү белгилүү болгон.

Болгон окуяны териштирүү үчүн ички иштер бөлүмүнө 2000, 1999 жана 2001 жылы туулган 7 киши жеткирилген.

Чогулган материалдардын негизинде Аламүдүн райондук ички иштер бул факт боюнча КР ЖПК 234-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш ишин козгоду. Тийешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. Учурда кылмышка шектүүлөр тергөө абагына киргизилди.

Чүй областтык ШИИБнүн маалымат кызматы
Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх