Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовду УКМКга суракка чакырышты

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов аны УКМКнын коррупцияга каршы кызматы кайсы кылмыш иши үчүн суракка чакыргандыгын  билбейт

Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бизге белгилүү болгондой,  УКМК га Кулматов бүгүн келиши керек.

- Кубанычбек Кулматов бир кылмыш ишке күбө катары сурак берет ,- деди УКМКдагылар.

Бирок кайсы кылмыш иши боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы сурак берээрин чекисттер айтышкан жок.

Бул деталдар Кулматовдун өзүнө да белгисиз.

- Мени чакырышты, бирок кайсы маселе боюнча экендигин айтышкан жок,- деди Vesti.kg сайтына Кубанычбек Кеңешович.

Ал арада  Barometr.kg маалыматтык агентствосунун өздүк булактарына  УКМК нын билдиришинче, Кулматовду мектеп курууга деп алынган Кытайдын   ТВЕА компаниясынын кредиттеринин алкагында чакырышкан. Кредиттин суммасы 2 милллион доллар болгон.

Зулайка Эркимбаева
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх