Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ысык-Көл - Аврора» санаториясындагы ууланууну тамактан көрүп атышат

Инфекция бөлүмүндө 16 адам дагы эле жатат. Алар болжол менен сальмонелладан жабыркаган    

2018-жылдын 7-майынан баштап, Ысык-Көл районунун аймактык оорукансына 24 адам жаткырылган жана баарына медициналык жардам көрсөтүлдү.

8-майда  жабыркаган адамдардын сегизин ден соолуктары жакшырып калгандыктан ооруканадан чыгарышкан( алардын жетөө Ирандан, Ирактан, БАЭ келген келген спортсмендер жана санаториянын кызматкери).
 
Бүгүнкү күнү алардын 16 сы калды. Абалдары салыштырмалуу жакшы, катуу ооругандар жок.
 
Саламаттык сактоо министрлиги ыкчам бригада түзуп «Ысык-Көл - Аврора» санаториясына жөнөттү.
Респуликанын мамлекеттик санитардык врачы, КР саламаттык сакто министринин орун басары Олег Горин жана ДПЗ жана ГСЕНдин директору Төлө Исаков азыр Чолпон - Атада.
 
Туристтик базанын  директоруна айып пул салынды ( 10 миң сом ), башкы врачына ( 3 миң сом) жана зав.складга 5миң сом айып пулдар салынды.

«Тамактын токсикоинфекциясы» деген деген диагноз коюлду.
Шектелген продукт болуп "запеканка«» эсептелди. Алдын ала болгон лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында сальмонелла чыкты.


Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борбору
Фото www

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх