Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги «Метропабга» газдык чабуул болду

Эс алуучу жайдын кожоюндары атаандаштардан шектенишүүдө

Борбордо калаада жайгашкан «Метропаб» эс алуучу жайына белгисиз адамдар балондон газ чачып кетишти. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына эс алуучу жайдын жетекчилиги билдирди.

«Метропабдын» администрациясы дароо  аракет көрүп, эс алуучуларды сыртка чыгарышкан. Жабыр тарткандар болгон жок.

- Биз элдин баарын эшике чыгардык. Окуя бир саат мурда болду. Эртең менен милицияга кайрылабыз. Бизде видео тасма бар, аны дагы көрсөтөбүз,- дешет алар.

Эс алуучу жайдын өкүлү бул окуяда атаандаштардын катышы болушу мүмкүндүгүн айтат.

-Мындай жол менен бизди жаман аттуу кылгылары келип жатышат,-дейт ал.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх