Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

Бул жолу Тажикстандын аскерлери күтүүсүздөн Кыргызстандын аймагына кирип гана келбестен, жергиликтүү тургундардын документтерин текшерип башташкан

Кечээ тажик аскерлери адашып Кыргызстандын аймагына кирип кетишкен. Бул үчүн тажик тарап кечирим сурады. Мындай маалыматты Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү таратты.

Мекеменин билдирүүсүндө 12-май күнү Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскеринин 4 кызматкери автоунаа менен Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада калктуу аймагына кирип келип, жергиликтүү тургундардын документин текшерип башташкан. Бир топ айтышуудан кийин кыргызстандыктар автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге дароо Кыргызстандын аскерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери келип, чыр-чатакты жөнгө салышкан.

Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын жолугушуусу уюштурулду. Ал жерден тажик чек арачылары жаш жоокерлер болгондуктан адашып, Кыргызстандын аймагына кирип кеткени белгилүү болду. Коңшу өлкөнүн бийлиги окуя үчүн кечирим сурады.

Учурда жоокерлердин үстүнөн териштирүү иштери башталды. Автоунааны Лейлек районунун укук коргоочулары териштирүү үчүн жүктөп кетишти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх