Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө кырдаалдар министри түштүктөгү табигый кырсыктын кесепетин жоюуну жеке өзү көзөмөлдөйт

Нурболот Мирзахмедов Лейлек районунда түзүлгон ыкчам штабда чогулушка катышты

Бүгун өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Лейлек районундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга карата уюшулган ыкчам штабдагы чогулушка катышты. Ал жерде кырсыктан жапа чеккен участкаларды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мирзахмедов үйүн сел алган адамдар менен жоолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Селден жабыр тарткан социалдык обьекттерге, үйлөргө барып, аларды камсыздандырууну белгиледи.

Ал бардык күч жабыр тарткандарды калыбына келтирүүгө жумшалаарын айтты жана ал жерде күн, түн дебей иштеп жаткан ӨКМ куткаруучуларына ыраазычылык билдирди. 14-май күнү Исфана шаарында 7 турак үйдүн короосу селдин каптаган сууларынын тазаланган, 2 турак үдүн ичи, Арча-Бешик бала бакчасынын аймактары тазаланды. Жаңы чарбалык жолдор курулду.

Кырсыктын залдарын жоюу үчүн Баткен областтык ӨКМ ыкчам тобу жана областтык, райондук коргоо комиссиясы, 100 ӨКМ куткаруучулары, 9 даана ДЭПтин техникасы тартылды. Бүгүн да тийешелүү иштер уланат.

 13- май күнү Баткен областынын Лейлек районунун Шорбулак каналында жаандан кийинки сел болуп,  көпүрөнү алып, турак жайларды каптап кеткен болчу. Электр столбалары, айыл аралык жолдор баары иштен чыккан эле. Бул аймактагы ӨКМ  кызматкерлеринин иш аракеттеринин натыйжасында учурда баары калыбына келтирилди.

ӨКМ пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх