Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарындыктар дарыядан аркан менен өтүп атышат (видео)

Былтыр көпүрөнү оңдоону жергиликтүү компания алган болчу

Ак-Талаа районунун тургундарына Нарын дарыясынан аркан менен өтүүгө туура келип жатат.  

Видеону Sputnik.kg агентствосу таркаткан. Аркы жээкке аркан менен өтүшкө ар кимдин эле  күчү жете бербейт, ошондуктан кээ бирлери кечип өтүп жатышат. Бирок өткөнкү жаандан кийин суу көбөйүп, троско асылып өтүүгө туура келип жатат.

2017-жылы  апрелде, 40 тонналык оор жүк ташуучу машиналарга туруштук бере албай көпүрө бузулуп калган. Көпүрөнү ремонт кылууга тендерден жергиликтүү компания утуп алган болчу, бирок ремонт иши дагы эле бүтө элек. Эмнеге экендиги белгисиз ?

Vesti.kg сайты Нарын областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө бул маселе боюнча кайрылганда, же пресс-кызматы, же Ак-Талаа районунун оперативдүү штабы трубканы албады.  
Жогорку Май, Тоголок Молдо, Куртка, Ак-Кыя айылдык округдары жана Казарман аркы өйүздө калгандыгын эскерте кетели.    

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх