Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Ош базарында «көчө казиносун» уюштургандарды жазалайт

Укук коргоо органдары бул мыйзамсыз ишти көрүп туруп чара колдонбогондугу үчүн да жооп беришет

Бишкек ШИИБ  Ош базарындагы жашыруун казинолор боюнча комплекстүү иш чараларды көрүшөт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына шаардык милициянын пресс-кызматынын башчысы Адыл Оморов билдирди.

 Vesti.kg сайты мындан мурдараак Ош базарынын Беш Сары соода комплексинин жанында кумар оюну ойнотулуп, анын айланасында ондогон адамдар курчап тургандыгын билдиргендигин айта кетели.

- Милиция экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызмат менен бирге бир катар комплекстүү иш чараларды өткөрөт.
Андан сырткары бардык топтолгон материалдар иликтенүү үчүн Ленин РИИБге берилди,-дейт Оморов.

Ошондой эле буга мурда көңүл бурбай жүргөн укук коргоочулар жазаларын алышат. Эгерде буга көз жумган факттар ачыкталса , анда чаралар көрүлөт, - дейт ШИИБдин маалымат кызматы.
 
 Vesti.kg сайты мындан мурдараак бул кумар оюнун ойноткондор тууралуу видеороликти тартуулаганын эске салабыз. Кадрда анча чоң эмес столду он чакты адам курчап турган. Жабдуу жасалма болгону менен ага коюлган ставка чындап эле болчу.

Окуя болуп жаткан жерден 100 метрдей аралыкта тартип сакчылары жүргөн, бирок алар бул кумар оюнуна көңүл буруп да коюшкан эмес.


Алтынай Темирова
Фото www    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх