Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МАИ кызматкери рулда баратып телефон аркылуу сүйлөшкөн, бирок ал жаза албайт....

Бул учурда мыйзам укук коргоочу тарабында экендигин ГУОБДДдан билдиришти

Социалдык тармактын колдонуучуларын рулда баратып телефон аркылуу сүйлөшкөн милиционердин сүрөтү нааразы кылды.

Бул тартип бузуучу Өзгон шаарында болгондугун кабарлашты.



Ал арада Vesti.kg сайты бул болгон окуя тууралуу  комментарий берүүсүн сурап ГУОБДДга кайрылды. Алар кызматтык милдетин аткаруу убагында милиция кызматкерлерине телефон менен рулда сүйлөшкөнгө уруксат берилген деп жооп беришти.

- Кодекстин административдик жоопкерчилик тууралуу 239-беренесинде көрсөтүлгөндөй, талап ушундай деди мекемедегилер.

Ал эми республиканын башка жарандары үчүн рулда баратып телефон аркылуу сүйлөшсө 200 сом айып пул салынаарын эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх