Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаровдун эжесине издөө салынды

«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон аялга кылмыш иши козголгон. Ал алдамчылык боюнча шектелүүдө

Vesti.kg сайтынын редакциясына Шамил Жалилов деген кыргызстандык жаран кайрылды. Аны "Бир-Бол"  партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон, Айнагүл Калчаева аттуу аял алдап 370 миң сомун алып кеткен бойдон таптырбай жатат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун эжеси болоорун айткан.

Шамилдин сөзү боюнча, Калчаеваны ал эч качан мындай ишке барат деп ойлогон эмес. Анын үстүнө ал коомдогу сыйлуу кишинин - депутат жана экс-биринчи-вице-премьердин эжеси болсо.


- Былтыр май айында ал мага жер участогун сатып алууну сунуштады,- дейт Жалилов. - Мен ага 370 миң сом төлөөгө макул болдум. Ал мага бул участокко деген «Доверенность»  алып келип берди, акырында ал жасалма болуп чыкты. Документ башка бул жерге тийешеси жок кишинин атынан жазылган. Андан да, ал "доверенность"  Молдокулова Нинакандын нотариусунан жасалган. Кийин белгилүү болгондой, анын ишмердүүлүгү 2011-жылы эле токтотулган экен. Мен бул жерге тамга ылайыктап фундамент куюп бүткөндө, бул участоктун чыныгы ээси келип, менин алданганым дайын болду. Андан кийин Айнагүл Калчаева кача баштады. Уулуна телефон чалсам, өзүңөрдүн ишиңерди өзүңөр чечкиле, менин ишим жок деди. Ошондой эле бул аялга бизди жоолуктурган тележурналистка Жылдыз Муслимовага да кайрылдым. Ал Калчаеванын жакшы аял экендигин бир нече жолу айтып, жеңем болот деп ишендирген мени. Эгерде ал акчаны төлөп бере албаса,  мен берем деп да айткан эле. Бирок баарынын бети ачылган соң ал да четке чыга берди. Мен ошондон кийин гана укук коргоо органдарына арыз жазганга аргасыз болдум. Калчаевага КР КК 166-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (Алдамчылык).

Андан ары Жалилов бул иш Калчаеванын жалгыз эле иши эмес экендигин билет.

- Мурда Айнагүл Калчаева университетте мугалим болуп иштеген, - деп кебин улайт ал. - Ал жерде эки баланы окууга киргизем деп ата -энелеринен чоң суммадагы акча алат.

Албетте кийин алар арыз жазып, кылмыш ишин козготушат. Соттук отурумга келбегендиги үчун сыртынан камакка алуу тууралуу токтом чыккан. Ага издөө жарыя кылынган.

Биздин аңгемелешибиз бул акчаны көп жылдар иштеп чогулткандыгын эстеп кейийт.

- Мага көп жылдар бою Россияда иштөөгө туура келген,- деп кебин улады. - Мекенден, жакындарыңдан алыс чет жерде иштөө оңой эмес. Ошондуктан аябай ызаланып жатам. Маңдай териң менен тапкан акчаңды бирөө дароо эле алдап алып кетсе кандай өкүнүчтүү.

Калчаевадан үмүт үзүлгөн соң, Жалиловдун аялы жакында эле депутат Акылбек Жоапаровго кайрылып, андан жардам кылуусун өтүнгөн.

- Бул маселе боюнча мага экинчи келбегиле, эгерде менин атымды ММКда пайдалансаңар силерди жана жазган журналисттерди сотко берем,- дегендигин айтты Жалилов.

Ал арада Vesti.kg сайтынын редакциясы «Бир-Бол» фракциясынын секретариятына партиялаштары Калчаеванын жүрүш турушуна баа берүүсүн суранып кайрылды. Бирок «Бир-Бол» партиясынын өкүлдөрүнүн эч кимиси реакция кылган жок.

Айнагүл Калчаева Бир-Бол партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде 36-номеринде официалдуу тургандыгын белгилей кетели.
 
Бакыт Стамов
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх