Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

19 жаштагы Бурулайды өлтүргөн канкор жакында ооруканадан чыгат

Жайыл аймактык ооруканасынын директору Кыргызстан эли талкууга алып жаткан адамдын ден соолугу тууралуу айтып берди

19 жаштагы Бурулайды милиция бөлүмүндө өлтүргөн 30 жаштагы Марс дагы эле ооруканада жатат. Анын абалын доктурлар туруктуу деп жатышат.

Чүй областтык ШИИБнүн пресс-кызматы   Vesti.kg сайтына билдиргендей, аны айыккандан кийин СИЗОго киргизишет.

- Жайыл райондук соту шектүүгө 2 айлык катуу көзөмөл астында камакка алууга чечим чыгарды, - деп билдирди милициядан. - Учурда ал конвойдун коштоосунда ооруканада жатат. Аны эки милиция кызматкери кайтарууга алууда.

Ал арада Жайыл районунун аймактык ооруканасынын директору Болот Майканаев  Vesti.kg сайтына «канкор» бир жуманын ичинде ооруканадан чыгаарын айтты.

- Анын ден соолугу канааттандыраарлык. Ал суроолорго акыл эстүү жооп берип жатат, - деди Майканаев. Медициналык көз караш менен ден соолугу жакшырып бараткандыгы көрүнүп турат. Ооруканадан чыгаруу бир жуманын ичинде чечилет.

27-майда Марс Бурулайга үйлөнүү максатында ала качкан. Кыздын ата энеси милицияга арыз менен кайрылышкандан соң, жол инспекциясы аркылуу ала качкандар кармалган болчу.

Кармалгандарды Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерден Марс кызды бир нече жолу бычак сайып өлтүруп, анан өзун өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.
Андан да Марс кыздын көкүрөгүнө «Н+Б» деп бычак менен жазган.
«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Прокуратура болсо ички иштер бөлүмунүн кызматкерлерине 316-берене менен кылмыш ишин козгоду (шалаакылык).

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх