Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

19 жаштагы Бурулайдын өлүмү: Чүй областынын ШИИБ башчысы кызматтан алынды. 23 кызматкер жоопкерчиликке тартылды

РИИБ имаратындагы адам өлүмү тууралуу милиционерлерге болгон кызматтык иликтөө бүттү

ИИМдин ички иликтөө кызматы Жайыл райондук ИИБ кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүздү.

Министрдин буйругу менен одоно мыйзам бузгандыктары үчүн төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан кетти: Чүй областтынын ШИИБ башчысы Н. Сарчаев, Чүй областынын ШИИБ башчысынын орун басары К. Жумаев жана М. Асанов, ошондой эле Жайыл райондук ИИБ башчысы М. Исмаилов, Жайыл РИИБ башчысынын жардамчысы Ж. Абыканов кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана шалакылыгы үчүн кызматтан бошотулушту. Ыкчам иликтөө тобу Жайыл райондук ИИБ имаратында бычак менен киши өлтүрүүгө жол берген жана Жайыл райондук ИИБ башчысынын орун басарын кызматка ылайыксыз деп табышты ;

Жайыл райондук ИИБ тергөөчүсү Э. Кадышев кызматтык милдетин өз убагында аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Жайыл РИИБ күзөт бөлүмүнө «кыз ала качуу» фактысы менен арыз түшкөн, арызды өз убагында карабагандыгына байланыштуу Жайыл РИИБ имаратында бычактап кызды өлтүрүп, кыргыз милициясынын ар намысына жана беделине доо кетти. Убактылуу тергөө абагынын башчысынын жардамчысы жана Жайыл РИИБ коомдук коопсуздук Кызматынын күзөт бөлүмүнөн А. Аблабеков кызматтарынан кетишти.
Чүй областтык ШИИБ боюнча жол кыймылын көзөмолдөө кызматынын башчысы Т. Ниязалиев жана Чүй областтык ШИИБ боюнча жол кызматынын инспектору ага күзөтчү Т. Макашев кызматтарынан бошотулду. ИИМдин  коомдук коопсуздук Кызматынын ыкчам аракет кылуу борборунун башчысы Э. Орозакуновго сөгүш жарыяланды.
Чүй областтык ШИИБ коомдук коопсуздук Кызматынын башчысы А. Исаковго сөгүш жарыяланды. Чүй областтык ШИИБ жол кызматы башкармалыгынын бешинчи взводунун кичүү инспектору З. Айткожоевге Жайыл РИИБ тергөөчүсү К. Сабыровго, Жайыл РИИБ криминалдык милиция Кызматынын А. Ормокеевге, Чүй обл. ШИИБ жол кызматы башкармалыгынын бешинчи взводунун кичүү инспектору З. Байтерековго, Чүй областтык ШИИБ патрулдук посттук милиция кызматынын милиционери Б. Майлыбаев, күзөт бөлүмүнүн жардамчысы Ш. Юсузов кызматтык талапка жооп бербейт деп табылды.

Жайыл райондук ИИБ күзөт бөлүмүнүн ага инспектору И. Иманалиев ички иштер органынан бошотулду.  Жайыл РИИБ күзөт бөлүмүнүн күзөтчү милиционери Н. Эсенкулов, М. Макеев, А. Атакуловдор ички иштер органынан бошотулду.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында баары болуп 23 ички иштер кызматкери жазаланды. Анын ичинен 5 кызматкер ишинен бошотулду, 8 кызматкер кызмат ордунан бошотулду, 7 кызматкер талапка ылайык эмес деп табылды.
Калгандары тартип боюнча жазаларын алышты.
Кызматтык иликтөөнүн корутундусу юридикалык баа берилиши үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Ошондой эле Жайыл райондук прокуратура тарабынан бул факт боюнча милиция кызматкерлерине КР КК 316-беренеси (шалакылык) боюнча кылмыш иши козголду. Мындан аркы милиция кызматкерлерине болгон кылмыш ишин иликтөөнү Жайыл райондук УКМКБ жүргүзөт.

Пресс-служба МВД
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх