Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ок чыгарып, мушташ чыгарышты. Биздин чек арачыларыбыз тажик кесиптештерин колго түшүрүштү

КР мамлекеттик чек ара кызматы чек арада болгон жаңжалдын чоо жайын айтып берди

4-июнда Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы «Футбол аянтчасы» аймагында, болжол менен саат 17:10 чамасында Кыргызстан жана Тажикстан чек арачыларынын ортосунда окуя болуп өттү. Тажик аскер кызматкерлери курал колдонуп, эскертүү иретинде асманга атышты.

Жаңжалга себепкер тажик чек арачылары болгон. Тажик чек арачылары кыргыз-тажик чек ара сызыгынан өтүп кирип келишкен. Тажик чек арачылары Кыргызстандын жарандарын «Футбол аянтчасынан» кууп чыгышкан, ал жерде соода болчу. Кыргыз жана тажик аскер кызматындагылардын ортосунда башталган жаңжалды ошол эле жерден Кыргыз Республикасынын чек арачылары басып койду. Кыргызстандын чек арачылары Тажикстан аскер кызматчыларына мындай жол менен маселе чечилбестигин, алар макулдашылбаган аймакта тургандыгын айтышып, тезинен чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Тажикстан Республикасынын аскер кызматчылары Кыргыз чек арачыларынын талабын аткаруудан баш тартышып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү. Тажик чек арачылары асманга ок аткандан соң, Кыргызстандын чек арачылары аларды кармоого аргасыз болушту.
Кыргыз Республикасынын Лейлек багыты боюнча жана Тажик Республикасынын Жаббар - Расул багыты чек ара өкүлдөрүнүн токтоосуз жоолугушуусу жүргүзүлдү.
 
КР МЧК пресс-кызматы
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх