Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Гараж 312» клубунда жүргүзүлгөн атайын операция баңги затка каршы күрөш эмей эле, эки топтун ортосундагы чечишүүбү?

Такталбаган маалыматтарга караганда, ИИМдин кээ бир жетекчилери өзүнүн баңгизат империясын түзүп жана аны азыркы күндө да көзөмөлгө алып турат

«Гараж 312» клубунда жүргүзүлгөн атайын операция баңгизат жүгүртүүчү эки топтун айынан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк маалымат булактарыбыз билдирди.

Алардын билдиришинче, ишкананын баңгизат таркатуучу кишилери ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын жетекчилери менен келише албай калып, ошонун аркасында укук коргоо органдарынын кызыгуусун жараткан.

Такталбаган маалыматка ылайык, баңгизатты сатуучулардын тобунун ишин ИИМдин БМЖКК эл аралык бөлүмүнүн начальниги Акжолтой Усубалиев көзөмөлдөгөн.

«Гараж 312» клубу чынында эле спайс таркаткан, бирок атайын операция бул клубда баңгизат таркатып иштеген адамдардын Усубалиевден макулдук албагандыгы үчүн жүргүзүлгөн, - дейт өздүк булактар.

Vesti.kg сайты бул маалыматтын чын, төгүнүн бышыктоо үчүн сөзсүз ИИМ ге комментарий үчүн кайрылат.

21-январда ИИМ баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы «Гараж 312» клубунда атайын операция жүргүзгөндүгүн эсиңиздерге салабыз. Милиция клубдан баңги затын тапкан. Азыркы учурда клубдун ээси жана бул ишкананын бир нече кызматкерлери убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх