Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмнеден жасалганы белгисиз дарыны Россиядан Кыргызстанга киргизгенге аракет жасаш кан

Чек арачылар милиционерлер менен бирдикте вагондун шыбы менен чатырынын ортосунан шектүү кутучаны табышты

«Кайыңды-темиржол» ПКП 10-июнда Россиядан  Кыргызстанга белгисиз бир дарыны алып өткөнгө аракет кылышкан. «Бишкек - Москва» багыты боюнча  18-сапарды каттоо убагында ,  чек арачылар ИИМ БМЖКМК кызматкерлери менен бирдикте 4 кутудагы, ар кандай логотиптеги белгисиз дарыны табышкан.

Дары салынган кутучалар вагондун шыбы менен чатырчасынын ортосуна катылган. Тийешелүү документтер түзүлгөн соң, тартылып алынган медикаменттер андан ары иликтенүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

КР МЧК ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх