Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршруттук такси трактор менен кагышып, 15 жаштагы кыз мүрт кетти

Кырсык Чүй областында болгон. Жабыркагандардын үчөө ооруканага жаткырылды

Чүй областында, 10-июнь саат 17:00 чамасында сапардагы маршруттук такси менен трактордун ортосунда авария болгон. Жыйынтыгында, кагылышуудан 15 жаштагы кыз көз жумду. Андан сырткары бир нече жүргүнчү жаракат алышкан.

ИИМ жол кыймылын тескөө мамлекетти кызматынын башкармасынын пресс-кызматынын маалыматына ылайык, маршруттук такси трактордун прицебин сүзүп алган.

Жол-унаа кырсыгы Бишкек-Камышановка автожолунда болгондугун Vesti.kg сайтына милициядан билдиришти.

 - Сапардагы №326 маршруттук таксинин айдоочусу Нижнечуйское айылынын тургуну, 50 жаштагы У. И. болгон. Ал түндүк багытына карай айдап бара жатып МТЗ-80 трактору менен кагышкан. Тракторду 33 жаштагы Ж.У. айдап бараткан. Кырсыктын натыйжасында маршруттук таксинин айдоочусу жана жүргүнчү Б.Ф., 19 жаштагы Я. Ж. ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Бардык материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх