Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта көчө дарыяга айланды (видео)

ӨКМ Кара-Буура району селдин кесепетинен кандай кыйроолорго учурагандыгын айтып берди

Талас облусунун Кара-Буура районунда, 11-июнь күнү сел болду. Анын кесепетинен бир канча короолор бузулду. Бул тууралуу фейсбук соц. тармагынын колдонуучусу Мурат Соорбеков билдирди.
 
Ал видео таркаткан. Видеотасмадан бүтүндөй көчө дарыяга айланып кеткендигин көрүүгө болот.



ӨКМ жааган жамгырдын айынан суу ташкындап, селден коргонуучу каналдан ашып кеткендигин айтты.

- 15 турак жайдын короолору менен сарайлары, орто мектептин короосу жана 5 гектар айдоо жер  суу астында калгандыгын ӨКМ пресс-кызматы аныктады.
Жашаган үйлөргө суу кирген эмес. Жардамга тартылган техникалардын күчү менен канал жээги чыңдалды.    
Мекемеден бүгүн райондун аймагын иликтеп чыгаарын кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www


    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх