Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жогорку окуу жайларынын биринде ар бири 2900 доллардан төлөгөн 50 ашуун чет элдик студенттердин акчасын жеп коюшкан

Жыйынтыгында студенттерди контракт төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарып жиберишкен. Кылмыш иши козголду

Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматына Бишкектин жогорку окуу жайларынын биринен элүүдөн ашык чет элдик студенттер биргелешкен арыз менен кайрылышкан.

2017-жылдын сентябрынан баштап декабрь айына  чейинки убакта  арызданган студенттердин ар бири окуу үчүн 2900 доллардан  аталган окуу жайдын кызматкерлеринин бирине беришкен.

Бирок жоопкерчиликтүү тараптан аларга төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилген эмес, андан сырткары ал акчалар кассага кириштелген эмес. Котракт төлөнгөн эмес деген гана жыйынтык болгон.

Бул факт боюнча КР КЖК 166-беренеси боюнча (алдамчылык) кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тийешелүү иш чаралар көрүлүп, катышы бар адамдарды издеп башташты.

ЭКККМК пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх