Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Нурланбек Кадыкеев дүйнө салды

Эл өкүлүнө Түркияда операция жасалган

«Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Нурланбек Кадыкеев Түркияда көз жумду. Бул кабарды Vesti.kg сайтына анын фракциядагы кесиптеши Кубанычбек Нурматов тастыктады.

Анын айтымында, Нурланбек Кадыкеев Түркияда дарыланып аткан.

- Менин билишимче, ал кант диабети менен ооруган жана Түркияда операция жасалган, - дейт Нурматов.

Депутат Нурлан Кадыкеев 2005-жылдан 2010-жылга чейин «Манас» бажысынын башчысы болуп иштегендигин эсиңиздерге салабыз. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынан 6-чакырылышка депутат болуп шайланган. Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх