Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын жараны тосмодон ашып Кыргызстанга өтөм деп, бирок колго түшүп калды

Мамлекеттик чек араны бузган адамды Манас районунун Жайылган аймагындагы УКМК кызматкерлерине өткөрүп беришти

Талас облусунун чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга болгон аракетти ишке ашырышкан жок.

Казакстандын 1987-жылы туулган Б.М. аттуу жараны, Казакстандан Кыргызстандын аймагына текшерүү пункту жок жерден өтүп кетүүгө аракет жасаган: ал тосмолонгон жерден өтүп, кыргыз-казак сызыгынын 50 метр бери жагынан КР  Талас облусунун МЧК башкармалыгынын «Чоң-Капка» чек ара заставасынын чек арачылары тарабынан кармалган.

Б.М. өзү билдиргендей анын Казакстан Республикасы паспортунун мөөнөтү бүтүп калган, ошондуктан ал Кыргызстанга текшерүү пункту жок жерден өтүүнү чечкен, бирок кармалып калган.

Тийешелүү документтерди толтургандан кийин, кармалган адамды УКМК аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.  

КР МЧК ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх