Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кечиккендиги үчүн 3 миллион айып пул. Кызматкерлер «KG групп» компаниясынын үстүнөн даттанышат

50 адамдан турган эки курулуш бригадасы төрт айдан бери маяналарын ала алышпайт. Алар митингге чыгышты

Бишкекте курулушчулар митингге чыгышты, анткени аларга «KG групп» компаниясы төрт ай аралыгында аткарылган жумушка 3 миллион сом төлөөдөн баш тартууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына нааразы болгон жумушчулар билдиришти.

Нааразылык акциясы Максим Горький атындагы бакта өтүп жатат.

- Бул компанияга эки курулуш бригадасы иштеген, бирок көп убакыттан бери компаниянын жетекчилиги бизге акча төлөөдөн баш тартып жатат. Жалпы жонунан алар бизге 3 миллион сом карыз. Бул акчаны алар кечиккениңер үчүн айып пулга кармап калабыз деп жатышат. Бул ойго-түшкө кирбеген сумма !  Биз үй бүлө багышыбыз керек ! - деп нааразы болушат алар.

Ошол эле учурда топтолгондор митингге 30 курулушчу жана бир компаниянын өкүлү катышып жаткандыгын билдиришти.

-  «KG групп» өкүлү биз менен сүйлөшпөйт. Ал жөн гана бизди байкап турат, - дешти митингге чыккандар.

Ал арада  Vesti.kg сайты компанияга комментарий үчүн кайрылганда, алар тийешелүү кызматкердин жок экендигин айтышты. Кырдаалга жараша жооп беребиз деп убада кылышты.  

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх