Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкекжылуулуктармагы» ЖЭБ авариясынан жабыркаган шаардыктарга жөлөк пул төлөп берди

Арыздангандардын көпчүлүгү борбор шаардын көп кабаттуу үйлөрүндө жашагандар

Бишкек ЖЭБ авариясында келтирилген зыян үчүн Бишкектин 55 тургуну жөлөк пул алышты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ААК «Бишкекжылуулуктармагынын» пресс-кызматы билдирди.

- Жөлөк пулдун жалпы суммасы 1млн. 124 миң 168 сомду түзөт, - деп жооп беришти. - Чыгымдын жалпы суммасын мекеме тарабынан убактылуу түзүлгөн комиссия аныктады.

«Бишкекжылуулуктармагы» билдиргендей кайрылгандардын дээрлик бардыгы жеке жактар - батир үйлөрдүн жашоочулары. Суу тутүктөрүнүн жарылышы кайрылууга негиз болгон.  

- Бардык кайрылуулар 59 болду, алардын чыгымдарын жабууга 1млн. 164 миң 139 сом жумшалды, - деп кошумчалады пресс-кызматы. - 4 кайрылуу дагы эле каралып жатат. Бишкектиктердин бирөө да сотко доо арыз жазышкан жок.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх