Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы күйөрмандардын тобун сүзүп кеткен таксисттин жактоочулары анын камалышына каршы кайрылышты

Алар соттон баш коргоо чарасын көрүүнү жеңилдетүүнү суранышат

Москвадагы мексикалык күйөрмандарды сүзүп кеткен кыргызстандыктын жактоочулары анын камалышына каршы кайрылышты. Бул туурасында россиялык жана биздин ММК билдиришет.   

Коргоочу тараптын оюнча, Чыңгыз Анарбек уулунун камакка алынышынын эч кандай зарылчылыгы жок.

- Биз соттордон коргоп жаткан адамыбызды үй камагына чыгарууну суранабыз, - деди жактоочулардын бири Павел Березин.

Москванын Таганский райондук соту айдоочуну 16-августка чейин камакка алгандыгын эсиңиздерге салабыз. Мурда белгилүү болгондой таксист футбол күйөрмандарын сүзүп кетип, алардын экөө оор жаракат алган. Чыңгыз  өзү 20 саат бою тынбай иштегендиктен рулда уктап кетип, педалдарды алмаштырып тээп алгандыгын укук коргоочуларга билдирген болчу.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх