Лебединовкада УКТ мүчөсү гранатаны кол баштыкка салып жүргөн
Чүй областынын ШИИБ кызматкерлери колго түшүргөнчө ушинтип алып жүргөн
Кечээ саат 20:30 чамасында Чүй областынын ШИИБ кызматкерлери Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан УКТ мүчөсү катары ИИМде эсепте турган А,А, аттуу 27 жаштагы жаранды кармашкан.
Аны тинткенде кол баштыгынан «Ф-1» маркасындагы граната табылып, тартылып алынган. Бул факт Аламүдүн райондук ИИБ катталды. Жарылуучу зат тартылып алынды жана соттук-баллистикалык талдоого жөнөтүлдү. Кармалган адам Бишкек шарынын ШИИБ тергөө абагына киргизилди.
Чүй облустук ШИИБ пресс-кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз