Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыспек Акматбаевдин атасын коркутуп талап кылуу боюнча күнөөлөшөт (видео)

Акматбаевдин атасыныкында иштеп жана камалып калган кишинин айткандары

Кайтыш болгон криминалдык төбөл Рыспек Акматбаевдин атасы өзунүн мурунку малчысы Эркинбек Жапарбек уулунан коркутуп акча алат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына малчы өзү билдирип, тийешелүү видеону жөнөткөн.

Анын айтымында, мурда Абдымалик Акматбаев аны кылбаган кылмышы үчүн 5 жылга түрмөгө каматкан.

- Ал мени сарайды өрттөдүң деп күнөөлөдү, бирок мен ал учурда иштер менен айылда болчумун, - дейт малчы. - Буга он чакты күбөлөр бар. Ал эми Абдымалик Акматбаевдин болсо бир да күбөсү жок. РИИБ башчысынын аркасы менен менин өрткө тийешем жок экендиги аныкталды. Бирок аны башка районго которуп жибергенден кийин, 6 ай өтпөй мага кылмыш ишин козгоп, кесип жиберишти. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө эч ким көңүл бурган жок.



Эркинбек мөөнөтүн отуруп чыккан соң да  балекет андан кеткен жок.
- Эми мени коркутуп, өрттөбөгөн эле сарайга 170 миң сом алып жатышат, - деп улайт Жапарбек уулу.


Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх