Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасында депутаттан дээрлик бир килограмм героин табышты

ИИМ БМЖКМК кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, эл өкүлүн кармашты   

ИИМ баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы мамлекеттик кызматы атайын операция жүргүзүп, өтө ири өлчөмдө мыйзамсыз баңгизат жүгүрткөн адамдардын аткезчилик жолдорун аныкташты.

ИИМ БМЖКМК кызматкерлерине шаардык кеңештин депутатынын мыйзамсыз баңгизатын сатууга тийешеси бар экендиги жана өтө ири өлчөмдөгү баңгизатын сатууга ниеттенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал милициянын ыкчам эсебинде турган болчу.


24-июнда КР КК 247-беренесине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында, Баткен облусунун Исфана шаарында БМЖКМК кызматкерлери тарабынан 1963-жылы туулган У,М. кармалган. Ал шаардык кеңештин учурдагы депутаты болуп эсептелген, ошону менен бирге эле мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү иши боюнча ИИМ ыкчам эсебинде турган.


Санкцияланган тинтүүнүн жыйынтыгында, кармалган У.М. жашаган жердин көмүр сакталуучу жайында салмагы 960 грамм болгон уксус ангидридинин кескин жыты бар зат табылган (алдын ала маалыматтар боюнча героин) .

Бул факт боюнча тийешелүү талдоочулар иш жүргүзүшөт. Бул кылмышка катышы бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлөт.

ИИМ пресс-кызматы
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх