Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынын натыйжасында эки адам дайынсыз жоголду

Учурда 7 куткаруучу Чычкан суусунда издөө иштерин жүргүзүп жатышат

Бишкек-Ош автожолунда «Хонда Степвагон» маркасындагы автоунаа Чычкан суусуна кулап түшкөн.  Кырсык 26-июндун түнү болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ӨКМ пресс-кызматы билдирди.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу башкара албай калган. Жыйынтыгында жол кырсыгы болуп, 6 адам жабыркап, экөө дайынсыз жоголгон.
- Учурда 7 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жоголгон жарандардын өздүгү белгисиз. Булар таксинин жүргүнчүлөрү болгон, - деп маалымдашты ӨКМ.

Жабырланган алтоо өтүп бараткан машинага салынып , райондук ооруканага жеткирилди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх