Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Карышкыр» Бишкектин 1-тергөө абагында эки ай жатат

ИИМ мурдагы «мыйзамдагы ууруну» кармаганда каршылык көрсөтпөгөндүгүн билдирди

«Карышкыр» деген каймана аты бар, мурунку «мыйзамдагы ууру» Мурсалым Өмүрзаковду кармашканда каршылык көрсөткөн эмес. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына ИИМ билдирди.

- Аламүдүн райондук соту бөгөт коюу чарасын эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгаруу менен көрдү, - деп билдиришти мекемеден.

2018-жылы 22-июнда Өмүрзаковдун үйүн тинткенде 25 грамм баңгизаты табылган. Андан сырткары көзөнөктөрү бар кара беткап табылгандыгын эсиңиздерге салабыз.
Соттук-химиялык талдоонун жыйынтыгында, тартылып алынган баңгизаттары таза салмагы 6 жана 11 грамм болгон гашиш менен марихуанна болуп чыкты.

Өмүрзаков Мурсалым 1975-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну(каймана аты «Карышкыр»). УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМ ыкчам эсебинде турат.

2018-жылы июндун башында Россиядан баңгизат үчүн мөөнөтүн өтөп бүтүп келген. ИИМ маалыматы боюнча Өмүрзаков бир нече жолу соттолгон. 1998-жылы каракчылык кылгандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган, 2005-жылы тоногондугу үчүн 9 жылга камалган, 2010-жылы  сот аны КР КК 164 (Уурулук) беренеси менен 5 жылга эркинен ажыраткан.
 
Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх