Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада Дүйнө чемпионаты убагында элдерди машина менен уруп кеткен Чыңгыз Анарбек уулун 1,5 жылга кара жумуш кылууга өкүм чыгарышты

Ошондой эле таксистке 500 миң рубль айып пул салынып, айдоочулук укуктан 3 жылга ажыратылат

Чынгыза Анарбек уулу Москвадагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын убагында күйөрмандарды машина менен урдуруп кетип, бир жарым жылга мажбулап иштетүү өкүмү менен соттон кутулду. Москванын Тверь соту өкүмдү кечээ окугандыгын ТАСС билдирет.

«Анарбек уулун күнөөлүү деп таап, бир жарым жыл мажбурлап иштетүү керек, - деп айтты сот Алдексей Криворучко. - жабырлануучунун доосун жарым жартылай канааттандырабыз да 500 миң рубль айып төлөйт, айдоочулук укуктан 3 жылга ажыратылат».

Өкүм күчүнө киргиче камакта бир күн турат, бул болсо эки күндүк тергөө абагында иштөө менен барабар.

Прокурор да өз сөзүндө ушундай эле жазаны айтты. Коргоо тарап да анын колонияда болбоосун өтүндү. Соттолуучу болуп кеткен окуяга аябай өкүнүп жаткандыгын айтты жана жабыр тартуучулардан кечирим сурады.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты кыргызстандык таксисттин 16-июнда жолдон чыгып барып футбол фанаттарын тебелетип кеткендигин жазган эле. Элдер ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткан. Аны болсо ошол жерден кармап полицияга тапшырышкан.

Бул жол кырсыгы фактысы боюнча РФ КК 264-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк Чыңгыз Анарбек уулу уктабай 20 саат ролдо отуруп көзүм илинип кетиптир деген.

ТАСС
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх