Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы полициясы салыкчыларга карата козголгон кылмыш ишин сотко өткөрүп берди

Бишкектин Биринчи май райондук МСКБ кызматкерлери алдамчылык, жасалма документ жасоо жана башка иштер боюнча айыпталышууда

Каржы полициясынын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан пайдалануу фактысын аныкташты.

2017-жылы август айында Бишкектин Биринчи май району боюнча МСКБ кызматындагы кишилер тарабынан «Н.И.» аттуу жаранга салык төлөчүнү каттоо тууралуу справка берилген. Ошонун негизинде 2017-жылдын август айынан баштап сентябрь айына чейин жалпы суммасы 86 миллион сом болгон товарды импорттошкон.

Жогоруда көрсөтүлгөн импорт товарлар боюнча кыйыр салык отчёту Биринчи май райондук МСКБ тапшырылган эмес, ал эми кошумча нарктын салыгынын төлөнбөгөн суммасы 10 миллион сомду түзгөн. Бирок, «Н.И.» айтымында ал МСКБ товарларды импорттоо үчүн справка бергиле деп кайрылган эмес, эч кандай документ толтурган эмес жана эч жерге кол да койгон эмес. Бул Мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат тарабынан да аныкталды.

Ушундай жол менен МСКБ аткаминерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген иш жасап Салык кодексин одоно бузуу менен мамлекеттин казынасына өтө ири өлчөмдөгү - 10 миллион 399 миң 474 сом чыгым алып келген.

Бул факт боюнча КР КК 355, 212, 166, 304-беренелери менен кылмыш иши козголду.
4-июлда кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна соттук териштирүүгө жиберилди.

Пресс-служба ГСБЭП
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх