Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Общеобразовательная выставка

КР АК Башкы штабынын тик учагы катуу шамалдан тоодо капталына оодарылып калды

ӨК куткаруу операциясы учурунда болду. Төрт киши жабыр тартты

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын тик учагы Хан-Теңири чокусунда кыйроого учурады. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына КР КК БШ пресс-кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ӨК куткаруу операциясынын учурунда болгон.

- Биз альпинисттерди бошоттук, катуу соккон шамалдан тик учак сол жак капталына оодарылып калды. Учурда жабыркагандарды алып кетүү иштери жүргүзүлүп жатат, - деп билдиришти Башкы штабдын пресс-кызматы.

Авариянын жыйынтыгында 4 киши жабыркаган. Алардын колу-буттары кокустап, шишип калган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх