Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактын ичинде бир киши досун союп салды

Сокулук РИИБ кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү тутуп, убактылуу кармоочу изоляторго киргизишти

2018-жылдын 8-июлунда, Сокулук ИИБ Төш-Булак айылынан кыйнап өлтурүлгөн кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
 
Окуя болгон жерди Сокулук ИИБ ыкчам иликтөө тобу карап чыкты. Эркек кишинин жансыз денеси Төш-Булак айылынан 5 километр алыстыкта жайгашкан эс алуу багынан табылган. Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга ылайык бир нече ирет сайылган бычактын издери табылган. Каза болгон кишинин ким экендиги аныкталды. Ал Чүй облусунун тургуну 32 жаштагы К.К. болуп чыкты. Кылмышка шектүүнү изин суутпай кармашты, ал 30 жаштагы Чүй облусунун тургуну С.А. экен. Мурун каракчылыгы үчүн соттолгон.

Алдын ала белгилүү болгон маалыматка ылайык, ошол күнү алар бакта эс алышып, спирт ичимдигин ичишкен. Ичип отуруп сөз талаша кетишип, акырында жаңжал бычакташууга жеткен. Жыйынтыгында досу каза болуп калган.

Учурда Сокулук райондук тергөө кызматы КР КК 97-беренеси(Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кармалган киши ИВС киргизилди.

Чүй областынын ШИИБ пресс-кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх