Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы кулаган тик учактан жабыр таркандарды алып чыгып кетишти

Окуя болгон жерге КР КК Башкы штабынын дагы бир тик учагы учуп барды

Жабырлануучуларды куткаруу иши аяктады. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын пресс-кызматы билдирди.

- Ал жерге экинчи тик учак жиберилди, баарын бортко жүктөп, азыр учуп келе жатышат, - деп билдиришти мекемеден.

Мындан бир аз мурун Vesti.kg сайты Хан-Теңир чокусунда болгон кырсык тууралуу жазган эле. Аскердик тик учак Түштүк-Эңилчек тектиринде катуу шамалдан бир капталына оой түшкөн экен.

Андан сырткары, тик учак альпинистти издеп чыккан. Ушулар тууралуу КР Башкы штабынын пресс-кызматы тактады.

- Биздин тик учак бир нече туристтерге тамак-аш жеткирип берүүсү керек болгон, - деп түшүндүрдү КР КК БШ.

Кырсыктын натыйжасында 4 адам жабыркага, ар кандай түрдөгү жаракаттарды алышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх