Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист камакта калат

Борбор шаардын соту Таганск райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды

Москва шаарынын соту , 9-июлда Чыңгыз Анарбек уулунун ишин карады. Бул тууралуу анын жактоочусу Мирбек Токтошев Vesti.kg сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум Москва убактысы боюнча саат 10.40 башталды. Сот жараянында жактоочунун райондук соттун чечимин өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды. Натыйжада Москванын Таганск райондук сотунун таксист Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алуу чечими күчүндө калтырылды.

Эске салсак, 16-июнда Ильинка көчөсүндө такси жолдон чыгып, эшме жолдо кетип бара жаткан кишилери кокустан сүзүп алган. Рулда кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу болгон. Жол кырсыгынан жети киши жабыркаган. Аталган окуяга байланыштуу Москванын Таганск райондук соту таксист Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алган. Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн, мындан бир ай мурда орношуп, бир нече күндөн бери эс албай иштеп жүргөнүн билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх