Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Күйөө бала» 15 жашар кызды үйлөнөм деп ала качып, зордуктап салган

Ала качкан жигитке карата 3 кылмыш иши козголду. Аны Жайыл райондук УКИ киргизишти

15 жашар мектеп окуучусун турмуш куруу максатында ала качып, зордуктап салган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй областтык ШИИБ пресс-кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын берген маалыматы боюнча, окуя 6-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Степное айылында болгон.

2018-жылдын 7-июлунда жаш кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылган, - деп билдиришти милициядагылар.
- Ыкчам топ токтоосуз чыгып, изи сууй электе 23 жаштагы Ш.У. кармашты. Ала качкан жигит тарабынан кыз зордукталгандыгы аныкталды.

Болбой калган күйөө балага карата үч кылмыш иши козголду: КР КК 29 (Зордуктоо), 154 ( жашы жете элек кызга үйлөнүү) жана 125 ( Эркинен тышкары кармоо).

- Бардык зарыл болгон экспертизалар жүргүзүлдү. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу изоляторго киргизилди, - деп бүтүрдү областтык ИИМБ.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх