Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК мас кызматкери түндөсү жаш балдардын бассейнинде киринеби? (видео)

Бишкектиктер өзунүн ыйгарым укугу менен коркуткан кошунасынын үстүнөн арызданышат

Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү көп батирлүү үйдүн жашоочулары өздөрүнүн кошунасы УКМК кызматкеримин деген Ильяз Амангазиевдин жосунсуз жоруктарына арызданышат. Бул туурасында шаардыктар фейсбук социалдык тармагына жазып чыгышты.



«Панфилов көчөсүндөгү 188/2 үйүнүн короосунда УКМК кызматкери Амангазиев Ильяз деген жашайт, - деп билдирет автор. - Ал короодогулардын баарын ыйгарым укугу менен коркутуп, каматам дей берет. Биздин короодо бассейн бар, ал жашоочулардын макулдугу менен жалаң гана балдар үчүн курулган. Бирок, УКМК кызматкерине өзү айткандай эч кандай эреже жок. Ага баары боло берет. Ал жашоочуларды тоготпой, бассейндин тосмосунан ашып өтүп, киринет. Кечээ Амангазиев дагы мас келип, тосмодон ашып түшүп, бассейндин жанындагы шезлонгду сындырып, уят сөздөр менен сөгүнүп, арак ичти. Кантип эле ал УКМК кызматкери болсо, ага баары мүмкүн болсун?».

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх