Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бомж» деп атап, сабап салышты. «Тазалыктын» жүк ташыгычы ооруканада (Сүрөт)

Милиция Бишкектин муниципалдык ишканасынын таштанды жүктөөчү кызматкерине кол көтөргөн бей баштарды издеп жатат

Милиция «Тазалыктын» кызматкерин сабап кеткен жигиттерге издөө салды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ пресс-катчысы Адыл Оморов билдирди.

- Учурда ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат, тергөөңү Ленин РИИБ жүргүзөт. Соттук - медициналык экспертиза дайындалды, - деп билдирди Оморов.

«Тазалык» МИ кызматкери менен шаардыктардын ортосундагы жаңжал кечкурун Лущихин көчөсүндө болгон. Жаш жигиттер шаардын санитарларын «бомждар» деп аташып, алардын бирин сабап салышкан.

«Тазалык» МИ катчысы Жибек Каракееванын Vesti.kg сайтына айтып берген сөзунө караганда, жүк ташуучу травма алып , шаардык клиникалык №4 ооруканага жатып калган.

- Биздин балдар контейнердеги таштандыларды түшүрүп жатышкан жана бир мүнөт тура туруусун суранышкан, андан соң кайра кетишмек.
Эки жаш жигит таштанды чогултуучу машинанын айдоочусун четке алып кетишти, калган экөө болсо жүк ташыгычты муунтуп, таш менен ура башташты. Мына ушул окуядан кийин биз милицияга арыз жаздык. Биздин жүк түшүргүчүбүз азыр ооруканада жатат, - деп билдирди Каракеева.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх