Жалал-Абат облусунда балдар талаада майып кызды зордуктап коюшту
Жабырлануучунун 21 жаштагы айылдаштары кармалышты. Алар кылган иштерин моюндарына алышты
Жалал-Абат облусунда жашы жете элек майып кызды зордуктап коюшту. Бул туурасында Vesti.kg сайтына облустук ИИБ пресс-кызматы билдирди. 
Укук коргоочулар маалымдагандай, бул факт боюнча 1997-жылы туулган эки жигит кармалган, алар Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургундары. Күнөөлөрүн моюндарына алышты. 
- Жабырлануучунун атасы арыз менегн милицияга кайрылды, - дейт милициядагылар. 
- Анын айтымында, 12-июль саат 18:00 анын 2001-жылы туулган кызын күч менен ак түстөгү машинага отургузуп белгисиз багытка алып кетишкен. Болжол менен саат 21:30 аны талаада автоунаанын салонунда зордуктап салышкан.
Кылмышка шектүүлөр 13-июль күнү кармалышкан. Кармалган балдарга карата КР КЖК 129-беренеси менен кылмыш иши козголду. 
Андан сырткары тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу менен бөгөткоюү чарасы көрүлдү.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www