Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Эгерде мен токтомго кол койбосом, мени кылмыш жообуна тартышмак

Экс-премьер эмне үчүн «тажик-афган чегинде кызмат өтөгөн жоокерлерди» жеңилдиктен ажыраткандыгын түшүндүрдү

Мурунку өкмөт башчы өзүнө коюлуп жаткан күнөө боюнча үн катты. Анткени ал, 1992-1999 жылдарда тажик-афган чегинде кызмат өтөгөндөрдүн жеңилдиктерин алып салган болчу.

Бул кимдин идеясы болгондугун ал  Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Ошол убакта «Согуштун ардагерлери, Куралдуу күчтөр жана тылда кызмат кылгандар» тууралуу мыйзамга толуктоо киргизилген, - деп эскертти Кулов. - Менин буга кол коюум да формалдуу болчу.

Куловдун айтымында, бул мыйзамдын демилгечилери Коргоо Министри жана ЖК коргоо комитети болгон. Парламентте кабыл алынып, ошол эле жерде аныкталып калган.

- Эгер эсиңерде болсо, ошол кезде өкмөт парламенттин алдында жоопкерчиликтүү болчу, анын алдында эсеп берчү, - деди ал. Ошондуктан мен кол коюдан баш тартсам мага кылмыш ишин козгоосу мүмкүн эле, анткени мыйзам кабыл алынып калган болчу. Мнин баш тартуум, мыйзамдан баш тартуу болуп эсептелмек.

Мындан мурдараак  Vesti.kg сайты КР КК ардагери эс алуудагы полковник Анвар Сартаевдин Мухаммедкалый Абылгазиевге жеңилдикти кайтаруу тууралуу кайрылуусун жазып чыккан эле.

Коомдук ишмер министрлер кабинетинин башчысынан ошол кездеги премьер куловду жоопко тартууну суранат.

- Мен түшүндүрүп өткөндөй Сартаев жалган маалыматты берип жатат жана бул жөнүндө өзү да билет, - дейт мурунку өкмөт башчы. - Арзан популизм менен ойногондон көрө, ал фактыларга таянса болмок. Ал бул тууралуу маалыматты билбейт, анткени ал чалгындоо кызматында иштеген эмес.

Куловдун айтымында КР аскерлери баатыр экендигинде талаш жок, бирок алар турган убакта эч кандай согуштук иш-аракеттер болгон жок. Алар чынында эле тажик-афган чек арасында туруп, аткезчилик, бейбаштыкты жөнгө салышты. Ал эми Сартаев айткан террористтер Кыргызстанга кийинчерээк киришти.

- Биздин аскерлердин кызмат өтөгөнүн эч ким жокко чыгарган жок, - деп белгилейт Кулов. - Бирок өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, азыр Баткен окуясынын катышуучулары да жеңилдик сурашат. Ал жакка эң көп адам жиберилген. Барган адамдардын көпчүлүгү согушту көргөн деле жок. Жөн гана аларга жетпей калды. Эмне үчүн аларга жеңилдик беришибиз керек?

Ал аскер кызматкерлерине жеңилдик берүү идеясын колдойт, бирок кимде ким чындап согуш аракеттери болгон жерде болсо гана.

Эске сала кетсек,  Vesti.kg сайты КР КК ардагери эс алуудагы полковник Анвар Сартаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден тажик-афган чегинде кызмат кылган жоокерлердин жеңилдигин алып салган бардык чиновниктерди жоопко тартууну өтүнгөндүгүн жазган эле.

«Башка өлкөлөрдүн жетекчилиги өз уулдарынын эрдиктерин татыктуу баалап алышты, алар 7 жыл бою биздин өлкөнү террористтерден коргоп турушкан, - дейт коомдук ишмер. -Ал эми Кулов болсо калемди бир шилтөө менен Кыргызстандын баатын коргоочуларына деген жеңилдикти алып таштады».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх