Депутат кытайды тоноп, солярканы алып кеткен
Жалал-Абат ИИБ маалыматы боюнча, эл өкүлү жана анын жардамчысы үй камагына коё берилген
ТогузөТоро районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты солярка уурдоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абат облусунун ИИБ пресс-кызматы билдирди.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, кылмыш 12-илда болгон. Жергиликтүү кеңештин депутаты 1981-жылы туулган А.О. 3 жардамчысы менен «Чайна Роуд» компаниясын тоношкон. Ал компания түндүк-түштүк автожолун салып жаткан.
- Түнкүсүн белгиленген аймакта Кытайдын бир жараны иштеп жаткан. Төрт эркек «Мерседес-Спринтер» микроавтобусу менен келип кытайды тоноп кетишкен. Экөө кытайды кармап турушкан, экөө солярканы жүктөгөн, - дешет милициядагылар.
ИИБ такташты, көлөмү 200 литр болгон 3 бочканы уурдашкан, андан башка 25 литрлик 20 канистура болгон. Баары болуп материалдык чыгым 48 миң 800 сомду түзгөн.
- Бул факт боюнча кылмыш иши козголду (карактоо), далил катары уурдалган канистуралар саналды, - деп билдиришти областтык ИИБ. - Тергөөнүн жүрүшү менен кошо материалдык чыгымдарды кайтаруу жүрүп жатат.
Тогуз-Торо райондук соту бөгөт коюу чарасын үй камагына алуу менен көрдү.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www