Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда өзүнүн досун бычак менен урган бала кармалды

Шектүү кылганын мойнуна алды. Анын айтымында, ал таанышын май куйрукка уруп өчүн алган

Өзүнүн жолдош баласына бычак урганды Балыкчыда кармашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБ пресс-катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эске салсак, ММК өткөн жуманын жекшемби күнүндө 20 жаштагы Б.А. өзүнүн таанышынан жабырлангандыгын билдиришкен.

- Бул кылмышка шектүү катары милиция 19 жаштагы Т.А. кармады, - дейт Усубакунов. - Азыркы учурда мойнуна алган көрсөтмө берди. Кармалган адамдын айтымында, анын бул кылганы өч алуу максатында болгон.
 
Белгилүү болгондой, эки жаш жигит тең Балыкчынын тургундары, мурда бирин бири таанышчу. 2018-жылы 18-июлда алардын ортосунда талаш жаралып, жыйынтыгында 20 жаштагы Б.А. таанышына үч жолу бычак менен куйрукка урган. Жаңжал шаардык стадиондо болгон.

Ошол эле күнү Т.А. шаардык ооруканага барып, жыгылып түшкөн. Милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Анткени менен өзүн ыза кылган жигитти 22-июлда Балыкчынын пляжынан жоолуктуруп ичине бычак менен сайган.

- Жабырлануучу Б.А. ооруканага жеткиришти. Ал азыр ошол жакта жатат, - дейт пресс-катчы. Эки факт боюнча  «Бейбаштык» КР ЖК 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына карап берене өзгөрүшү мүмкүн.

Кармалган жигит Балыкчынын ИИБ ИВСне киргизилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх