Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө өрт: Окуянын күбөлөрү өрт өчүрүүчү жарым сааттан кийин келди деп даттанышууда (видео)

Аянты 1000 чарчы метр болгон имарат бүтүндөй күйүп кетти

Ысык-Көл облусунун Кожояр айылындагы пансионаттардын бириндеги коттедждер күйүп кетти. Өрт кечкурун чыккан.

Кыргызстандын ӨКМ пресс-катчысы Элмира Шерипова Vesti.kg сайтына айтып бергендей, өрттүн натыйжасында аянты 1000кв.м. болгон таунхаус күйүп кеткен.  

- Окуя болгон жерге 3 өрт өчүрүүчү эсеп, 4 куткаруучу, КР ИИМ кызматкерлери, ошондой эле медициналык тез жардамдын 2 бригадасы тартылды. Кожояр айылынын 3 тургуну жабыркашты, күйгөн жерлери өтө деле оор эмес жана Ананьево кыштагындагы ооруканага жаткырылды, - деп маалымдады ал.

Ал ортодо окуянын күбөлөрү өрттү Instagram соцтармагына жарыя кылышып, Кыргызстандын ӨКМ нааразы болушат.



- Өрт өчрүүчү машина 30 мүнөт өткөндө араң келди, суусу да аз экен көлдү көздөй айдап суу толтуруп жатты. Экинчиси болсо 1 сааттан кийин келди, үчүнчүсү таптакыр эле бузук экен, суусу агып, шланганы кадоого мүмкүн болбой жатты. Үчүнчү машина келген учурда коттеджден эчтеке деле калбай калган, баары күйүп бүткөн болчу, - деп жазат окуянын күбөсү.

ӨКМ пресс-катчысы бул маалыматты четке кагат. Vesti.kg сайтына берген маегинде өрт өчүрүүчү машина суусу жок болушу мүмкүн эмес деди.

- Өрт болжол менен 18:20 башталды, биринчи машина дароо эле 18:40 ошол жерде болуп калды. Анын артынан эле 18:40 экинчи машина жиберилди. Өрт саат 20:06 өчүрүлдү. Машиналардын суусу жок эмес болчу, биз андайга жол бермек эмеспиз, - дейт ал.

Өрттүн себеби, чыгымдар такталып жатат

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх