Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Поезд сүзүп кеткен велосипедчен адам тирүү калды

Өспүрүм кулагына кулакчын кадап алган, ал эми тыюу салынган белгиге болсо көңүл бурган эмес

Бишкекте жүргүнчү поезди велосипедченди сүзүп кеткен. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР ИИМ пресс-кызматы билдирди.

Милициянын маалымдоосу боюнча, кагылышуу Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

- Поезд Москвага багыт алып бараткан, - дейт пресс-кызматындагылар. - Тыюу салынган белгинин тургандыгына карабастан 1994-жылы туулган жаш жигит темир жолду кесип өтмөкчү болгон. Анын үстүнө ал кулагына музыка угуучу кулакчын кадап алган, ошондуктан сигналды уккан эмес. Машинист токтотууга үлгүрбөй аны сүзүп кеткен.

Жабырлануучуну алган жараатына байланыштуу Бишкек шаардык клиникалык №4 ооруканага жаткырышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх