Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сууга чөгүп кеткен вице-премьер-министрдин мурдагы кеңешчисин издөөнү токтотушту

5 күн бою суучулдар Александр Стручалиндин денесин табууга аракет кылышты

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен юрист жана вице-премьер-министрдин мурунку кеңешчиси Александр Стручалинди издөөнү убактылуу токтотушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР ӨКМ пресс-катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, издөө иштери 5 күнгө созулду.

- Издөөнү туугандарынын макулдугу менен токтотушту, - деп белгиледи пресс-катчы. - Маркумдун туугандарынын өтүнүчү болсо кийин кайрадан улантылат. Суучулдардын айтуусу боюнча, агым денени башка жээкке алып кетип калышы да мүмкүн. Азыр эми дененин суу үстүнө калкып чыгышын гана күтүү керек.

Эске сала кетели, 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда вице-премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Александр Стручалин сууга чөккөн.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх