Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таш көчкүнүн алдында калган альпинисттерди көчүрүп алып кетишти

Куткаруу иштерин Казакстандын командасы жүргүздү

Кыргызстандагы №9 Скрябин мөңгүсүндөгү таш көчкүдө калган Казакстан жана Орусиянын альпинисттерин чыгарып алып кетишти. Бул туурасында Кыргызстандын ӨКМ пресс-кызматы билдирет.

Мурдараак Vesti.kg сайты казакстандыктардын бирөө тоодо каза болгондугун жана калгандары ар кандай жарааттарды алгандыгын маалымдаган болчу.

- Жабыр тарткан туристтерди жана өлгөн альпинистти Казакстандын ӨКМ тик учагы алып кетти, - деп айтышты пресс - кызматындагылар. - Азыркы учурда тик учак «Манас» аэропортуна конгондугу белгилүү болду.

ӨКМ жабыр тарткан альпинисттерди кайда алып барышаарын билбегендигин айтышты.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Скрябин мөңгүсүндөгү таш көчкүгө кабылган 7 турист тууралуу билдирген эле. Казакстандын жараны каза болгон, дагы эки казакстандык жана төрт орусиялыктар жаракат алышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх