Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусундагы жол кырсыгы: Авария бүт үй бүлөнүн өмүрлөрүн алып кетти, арасында 2 жашар бала бар болчу

Жол кырсыгынын себебин аныктап жатышат

BMW E39 жана Toyota Ist автоунааларынын бет маңдай кагылышуусу Чүй облусунун Полтавка айылында болгон. Жыйынтыгында үч адамдан турган үй бүлө каза болушту, анын бири 2 жаштагы бөбөк.

Окуянын чоо жайын Vesti.kg сайтына облусттук УОБДД пресс-кызматы айтып берди.

- Toyota Ist  ролунда аял болгон, алган жаракаттарынан күйөөсү экөө тең каза болушту. Алардын 2 жашар баласын ооруканага жеткиришти, тилекке каршы ал ошол жерде чарчап калды, - деп маалымдайт милициядан. - Кырсыктын себебин аныктап жатышат.

Бул окуя бүгүн эртең мененки саат 8:00 болгон. Жабыркагандардын так саны азырынча белгисиз. Укук коргоочулардын түшүндүрүшү боюнча, азыр ал жерде иликтөөчү топ иштеп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх