Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада мушташтын айынан каза болгондун денесин бүгүн Кыргызстанга алып келишет

Алдын ала белгилүү болгон маалыматка ылайык, өлүмдүн себеби бийиктиктен кулоо болгон

Москвада Өзбекстандын жарандары менен болгон массалык мушташта каза болгондун денесин Кыргызстанга алып келишет. Бул туурасында КР Орусиядагы элчилигинин пресс-кызматы билдирет.

«Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат, чеим сурактын жыйынтыгына жараша болот», - деп билдиришти андагылар.  

Белгилүү болгондой Москва шаарынын Вертолётчиков көчөсүндөгү курулуш обьектисинде мушташ болгон. Мушташка Кыргызстандын 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны катышкан.

«Мушташтын кесепетинен Кыргыз жараны А.уулу А. каза болгон, - деп айтылат билдирүүдө. Алдын ала белгилүү болгон соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, өлүмдүн себеби бийиктиктен кулоо болгон».

Москванын Кузьминское район аралык тергөө бөлүмү СУ СК бул факт боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Мушташтын бардык катышуучулары кармалып сурак берип жатышат.

«Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат», - деп билдиришти дип.өкүлчүлүктөн.

Эске салсак, Vesti.kg сайты мурдараак 19 жаштагы Оштун тургуну Алмазбек уулу Айбектин Подмосковьедеги мушташтан каза тапкандыгы тууралуу билдирген болчу.

РФ КР элчилигинин пресс-кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх