Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сууга чөгүп кетти деген жалган маалымат психикалык жактан жабыр тарткан адамдан келип түшкөн

ӨКМ куткаруучулары билдирүү келип түшкөн мезгилден тарта жоголду деген уланды  издей беришкен

Ысык Көлгө чөктү деген адам бүгүн эртең менен тирүү табылган. Бул туурасында ӨКМ маалымат кызматы билдирди.   

1995-жылы туулган  Б. А аттуу жаран Балыкчы шаарындагы “Сейил”  эс алуучу жээкте сууга чөктү деген маалымат  1-августун 2- авгуска караган түнүндө  өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пультуна келген,- деп түшүндүрмө берет мекеменин маалымат
кызматы.  

Куткаруучулар түну бою издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок эртең менен 23 жаштагы уланды жээктен эмес, боз үйлөрдун биринде табышкан. Ысык Көл областынын ички иштер бөлүмүнөн Vesti.kg кошумчалагандай  Б,А. Аттуу жарандын чөктү  дегени жалган болуп чыкккан.

-    Өзгөчө кырдаал туурасында билдирүү психикалык оору менен жабыркаган Мээрим аттуу кыздан келгени  аныкталды. Ал куткаруучуларга  кичүү инисинин чөгүп кеткенин айтып телефон чалган. Бирок ӨКМ куткаруучулары келген убакта  билдирүү жалган болуп чыккан, - деп билдирди.  

Мунун менен жаш адам тирүү табылып, чындыкка туура келбей калган деп айтылат  ички иштер бөлүмүнүн корутундусунда.  

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх