Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршруттук кичи автобустун айдоочусу рулду башкарып бара жаткан учурда видеону коруп бара жаткан. Анда кандай коооптуу жагдайлар бар?

Милиционерлер бул мыйзам бузуучуну  издөөгө алды

Бишкектин №128 маршруттук автобус тун айдоочусу рулда баратып видеоролик көрүп барган. Жол кыймылынын эрежесин одоно бузган бул көрүнүштү жүргүнчүлөр тартып алып, Facebook соиалдык тармакка жарыялашкан.

Бул публикациянын автору Ариет Таиров  айдоочунун ушундай  жүрүм-турумунан  коомдук транспорттордун катышуусунда жол кырсыгы катталып жатат деп белгилейт.

-    Эмне үчүн жол кырсыктары мынча көп болуп жатат  деп кайгырып жаткан болсоңуз, бул видеону караңыз, - деп жазат ал.



Ал арада Vesti.kg бул маселе боюнча  Бишкек шаарынын жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнө  кайрылганда айдоочуну таап, айыпка жыгаарын билдиришти.  

-    Бул факты боюнча мекеменин жеке курамы өзгөчө көнүл алып  колго түшкон учурда чараларды көрөт,- деп билдирилет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 239- беренесинде келтирилген “транспорттук каражатты  пайдаланып бара жаткан учурда сүйлөшүү аппаратын колдонуу же транспорттук краажатты байланыш үчүн пайдаланган учурда” 200 сом айып пул каралган.

Бишкек шаарынын жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кошумчалагандай  эреже бузган айдоочу кармалгандан кийин гана кандай жаза алааары белгилүү болот.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх