Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки жаштагы наристе мас айдоочунун айынан жабыркады

Автосүйүүчү ооруканадан автоинспектор келгиче качып кеткен

Эки жаштагы бала Ошто жол кырсыгынан жабыркады. Бул кырсык каршылаш жол тилкесинде  «Мерседес” автомашинасын  мас абалында башкарып бараткан  айдоочунун күнөөсү менен болду.  

Бул туурасында түштүк борбордун жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн  басма сөз кызматы билдирди.

-  Жол кыймылындагы кырсык кечки тогуздар чамасында болгон. «Дэу Матиз» жана “Мерседес-Бенц» маркасындагы автомашиналар кагышкан.  Жол кырсыгынын күнөөкөрү тез жардам машинасы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок, автоинспектор келгиче качып кетүүгө үлгүргөн. Азыр издөө журуп жатат., - деп маалымдады.

Тартип сакчылары  күбөлөрдүн айткандарына таянып, «Мерседес» унаасынын айдоочусу мас экендигин билдиришти.

- Эки жаштагы  бала  «Дэу Матиз» маркасындагы    машинанын жургунчүсү болгон.  Наристе ооруканага жетикирилип, анын абалын дарыгерлер  канааттандыраарлык катары бааланууда,-  деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Зулайка Эркимбаева
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх